Кытай Элдик Республикасы Кыргызстанга 3 завод курат. Мындай маалымат президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон расмий иш сапары учурунда белгилүү болду. Алар автомобиль курап чыгаруу заводу, таштандыларды кайра иштетүү заводу жана жер семирткичтерди чыгаруучу заводу. Бул багытта эки өлкөнүн лидерлери расмий документтерге кол коюшту.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарынын алкагында Сиань шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 25тей документке кол коюлду.