“Кыргызское взморье” санаториясы жоюлат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим “Кыргызалтындын” акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынган.
Анда акционерлер “Кыргызалтындын” курамына кирген “Кыргызское взморье” санаториясын жоюуну чечишти.