Кыргызга гана таандык, кыргыздын жүз өзгөчөлүгү

Автор

Бөлөк улутка окшош жактарыбыз ансыз да өнүгө берет, бирок калпак кыргыздыкы, кепканы баары кийе берет. Эгер биз калпакты сактабасак, калпак жок болуп кетет. Кыргызга гана таандык, кыргыздын жүз өзгөчөлүгү тууралуу жазуучу Каныбек Иманалиев Эл аралык руханий форумда айтып берди.
1. Кыргыздар Орто Азияда эң байыркы эл.
2. Түрк цивилизациясынын сап башында турган.
3. Кыргыздар Улуу Каганатын курган эл.
4. Кыргыздар дүйнөдөгү жандуу “Манас эпосун” жараткан.
5. Кыргыз кырк муун алдыга билет, кыргыз кырк муун артка билген Түрк дүйнөсүндөгү жалгыз эл.
6. Кыргыздар ай-күн календарын жараткан эл.
7. Кыргыздар күлүктү, бүркүттү атактуу баатыр сыяктуу даңктаган эл.
8. Кыргыздар тегин билбегенди, “тентиген кул” дейт.
9. Кыргыздар байыркы жашоодо ыр менен жамгыр жаадырган эл.
10. Кыргыздарда “кыргыз” деген сөз түрк деген сөздөн жети кылым илгери жаралган.
11. Мухамед Кайдар кыргыздарды Тоо арстандары”,-деп атаган.
12. Кыргыздын тарыхында түрмө, карылар үйү болгон эмес. Эң оор жаза элден чыгаруу болгон
13. Кыргыздарда гана төкмө акынды эч ким тыя алган эмес.
14. Кыргызда адам баласына, жылкыга, кушка маңдайына карап сын берген.
15. Жылкыга байланыштуу гана сегиз жүз сөз болгон.
16. Кыргыздар мусулман доорунан 3400-жыл илгери жаралган эл.
17. Кыргыздар ак кууну, шумкарды, көгүчкөндү, кайыңды арчадай туткан.
18. Кыргызда 1 сутканы 34кө бөлүп айткан
19. Кыргыздар үрөн сепкенде “эң алгачкы түшүм жетимге, андан ашканы жесирлерге, андан ашса мага”,- деп айкөл болгон.
20. Кыргыздар үчүн аманатты жеткирүү парз болгон.
21. Кыргыздарда көчүүнүн жазылбаган эрежелери бар. Көчтү бузбайт, көчтүн башын байбиче баштайт, көч турган жерди таза тутат. Көч келе жатса жолдон тосуп ак ооз тийгизет, жүктү тең артат.
22. Кыргызда эки адам достошсо жашына карабай эмчектештирип, энесинин сүтүн ээмп, “антты бузбайбыз”- деп достошкон.
23. Кыргызда куш менен да, бүркүт менен да, көгүчкөн менен шилекей алып достошкон.
24. Кыргызда мал күтүүнүн эрежеси болгон.
25. Кыргыздын аспабы комуздун 3000-жылга тете тарыхы бар.
26. Кыргызда жылкынын да эрежеси болгон. Уктап жаткан кулунду ойготпойт, желени кеспейт, күлүктү жоргону тушабайт.
27. Арстанбек нота жок доордо 500 күүнү билген.
28. 300 күүнү жазып калышкан, 200 күү унутта калган. Бул не деген генетикалык эс тутум.
29. Саякбай атабыз дээрлик 23 күн Манас айткан, 7 миллион сапты билген.
30. Кыргыздарда 7000 миң бийиктиктен ашкан 3 чоку бар.
31. Кыргыздарда ыракмат айтуунун 40 түрү бар.
32. Кыргыздар адамдын жаш курагын эле 57ге бөлүп айтат.
33. Улуу Кыргыз Каганатында согуштун 63 ыкмасы, найзанын 31 түрү болгон.
34. Кыргызда гана “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”,- деген.
35. Кыргызда гана бар
“Элиң менен бийиксиң, элиң жокто кийиксиң”,-дейт.
36. Келдибек Манас айтканда уук-түндүктү 1 күн, кийиз жабдууларды 1 күн, ала-кийиз шырдактарды 1 күн айткан.
37. Кыргыздарда чөптүн 700 түрүн дарылыкка пайдаланган.
38. Кыргыздарда оюунун 3500 түрү бар, алардын ичинен 170 түрүн кыргыз окуй алат.
39. Камчы өрүмдүн эле 5 түрү бар. Кыргыздар камчыны отко жакпайт. Кыргыздар гана камчыны мойнуна илип кечирим сурайт.
40. Кыргызда тамырды кармоонун 60 түрү бар.
41. Кыргызда бүркүттүн кыраакылыгын 65ке бөлүп айтат.
42. Кыргыздарда улуттук тамак-аштын 400 түрү бар.
43. Кыргызда улуттук оюндун 300 түрү бар.
44. Кыргыздар асмандагы үркөр топ жылдыз пайда болгондо “чөп бышат”,- деп билген.
45.Кыргызда куда тосуунун 25 каадасы бар.
46. Түрк элдеринде кыргыздар гана малды 12 жиликке бөлөт.
47. Кыргыздар күлүктүн 18 түрүн аныктаган.
48. Кыргызда чүкөнүн 51 аты, чүкө ойноонун 50дөн ашык түрү болгон.
49. Кыргызда жылан үйгө кирсе ак чачып узаткан.
50. Кыргыздар жыл нарктуу болоорун жазда эле билген.
51. Кыргыз башына иш түшсө, жалпылап ашар менен чечкен.
52. Бешикке баланы бөлөөрдө, астында камчы- канжар, башына нан, оң колун бошотуп койгон.
53. Кыргызда асмандагы булуттун 5 түрүн, кызыл деген сөздүн 26 түрүн билет.
54. Кыргыздар эски көпүрөнү бузбайт, аккан сууну булгабайт.
55. Кыргыздар “кайберендин каргышы кечирбейт”,- деп айтат.
56. Кыргыздарда уурулук менен калп айткан киши өлтүргөндөй.
57. Кыргызда гана “Хан бийлигинен нарк күчтүү” – дейт.
58. Адам мүнөзүнүн 100дөн ашык түрү бар, жоргонун эле 7 түрү бар.
59. Кыргыздарда гана санжыра 70 атага чейин созулат.
60. Баатырдын 40 түрү бар.
61. Кыргыз гана өзүнүн жоосунун атын баласына ыйгарат.
(Уландысы бар)

Бөлүшүү:
Next Post

Тузду ченеми менен колдонбосо эмне болот?

Тузду ченеми менен колдонуу абдан маанилүү, бирок тузду күн сайын көп колдонуу ден-соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер сиз дайыма тузду көп жесеңиз эмне болушу мүмкүн: 1. Кан басымдын жогорулашы: Туздун курамында натрий бар, ал организмде суунун кармалышын шарттайт. Ушундан улам, айлануучу кандын көлөмү көбөйүп, кан басымынын жогорулашына алып келиши […]

Сизге жагышы мүмкүн