“Кыргызалтын” алтын куймаларын сатуучу дүкөн ачты

Автор

Бишкекте «Кыргызалтын» ачык акционердик коому өлкөбүздө өндүрүлгөн алтын куймаларын сатуучу фирмалык дүкөн ачты.
Компаниянын маалыматына караганда сатыкка 1 грамм, 2 грамм, 10 грамм, 20 грамм салмактагы алтын куймалары коюлат. Сентябрь айынын аягына чейин кардарларга 5 грамм, 31 грамм (1 унция), 50 грамм жана 100 грамм салмактагы куймалар сунушталат.
Сатуу ар бир куйманын келип чыгышын ырастаган жеке QR-код менен коштолот.
Сатуу жана кайра сатып алуу баасы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында күн сайын Лондон баалуу металлдар биржасынын негизинде аныкталат.
«Алтын куймаларына инвестиция салуу – акчаны сактоонун эң ишенимдүү жана натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Валюта базарындагы туруксуздук маалында көпчүлүк инвесторлор өз акчаларын алтындын курсуна жараша туруктуу металл рыногуна салууну туура көрүшөт. Алтынга инвестиция салуу дүйнөлүк алтын баасынын өзгөрүшүнөн жана валюта курстарынын термелишинен пайда көрүүгө мүмкүнчүлүк берет»,-деп белгилешти компаниядан.
Баалуу металлды эркин түрдө физикалык жана юридикалык жактар накталай же накталай эмес формада шаршембиден жекшембиге чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дареги боюнча сатып ала алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

V Көчмөндөр оюндары – 2024: Ордо боюнча кыргыз курамасынын тизмеси

8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ордо оюну боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу өлкө намысын коргойт. Курама командасынын тизмеси: – Жумамидин Азизов; – Дастан Жээнбеков; – Бакытбек Кобошов; – Акай Майрамбек уулу; […]

Сизге жагышы мүмкүн