Кымыз ичип, ден соолукту чыңдаңыз!

Автор

Жаз келип, жайлоонун абасы кымыз жыттанып, жайлоодо бээлер саалып, саалган  сүтүнөн кымыз жасалып жаткан убагы. Кымызды илгертеден бери ата-бабаларыбыз ден -соолукка өтө пайдалуу экенин далилдеп айтып келишкен.

Кымыздын эң эле биринчи пайдасы бул ички боор, өт, ашкасан, ичекарындарга жана сөөктөгү кальций жетишпегендерге абдан пайдалуу. Кымыздын өзүн эле ичпестен саалып келген жылуулай сүтүн да ичүү бул ден соолукка жакшы таасирин берет. Бээнин сүтүн күнүнө төрт же алты жолудан ашык ичүүгө болбойт. Кан басымы төмөндөр абайлап ичүү сунушталат. Анткени, кымыз, бээнин сүтү кан басымды төмөндөтөт. Кан басымы жогорулар кымыздан баш тартышы керек, анткени кымыз күчтүү болуп кан басымды жогорулатып жиберет.Кан басымы жогорулар бээнин сүтүн жана саамалын  ичүү да сунушталат. Эскерте кетчү нерсе, кымыз менен күчтүү тамак ичүү сунушталат жана диетага отуруу туура эмес. Кымыз, бээнин сүтү, саамалы ичти алыдырып, адамды алсыратат.

Бөлүшүү:
Next Post

“Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери  боюнча комитети 27-июнда  «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул долбоорду карап чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ сунушталган 22 беренени кыскартып, 15ин  жактырышкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн