“Бир дагы сот же, прокурор түрмөдө отуруп калган жок. Баары чыгып кетти. Бир дагы кызматкерди биз сотко жөнөтө алган жокпуз. Баардыгы баягы эле “тергөө менен кызматташуу”же, “жаза төлөө” деген беренелер менен кутулуп кетишти. Мындан ары жаза төлөп бошонуп кетүү болбойт”,- деп билдирди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Анын айтымында, жаза төлөмдөрүн алып салышкан, эми кылтакка илингендер жаза мөөнөтүн өтөшөт.