Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Автор

Президент Садыр Жапаров «КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ушул мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту менен аталган жагдай (соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда) реабилитациялоочу жагдайлардын тизмесине киргизилди.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 3,4-пункттары менен КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги айырмачылыктарды жоюуга багытталган айрым орфографиялык түзөтүүлөр киргизилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Алматыда өрттөнгөн үйдү куруучулары калыбына келтирүүгө убада берди

Алматыда Аккент кичи районундагы өрт чыккан турак жай комплексин куруучулар үйдү калыбына келтирүү иштерин өз эсебинен жүргүзүүгө убада берди. «Биз үйдү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарды өз мойнубузга алууга даярбыз», – деди курулуш компаниясынын башкы директору Канат Ералиев турак жай комплексинин жашоочулары менен жолугушууда. Ошондой эле курулушчу маркум Асел Бекмухаметованын үй-бүлөсүнө […]

Сизге жагышы мүмкүн