Актау шаарынын жанында кырсыкка учураган Embraer 190 учагынын акыркы толук техникалык кароосу ушул жылдын октябрында жүргүзүлгөн. 4K-AZ65 каттоо номериндеги учак 2013-жылы чыгарылганын авиакомпания билдирди.
“Өндүрүүчүнүн сериялык номери: 19000630. Учактын жалпы конуу саны 9949, жалпы учуу убактысы 15257,22 саат. Учактын акыркы толук техникалык кароосу 2024-жылдын 18-октябрында жүргүзүлгөн. Акыркы текшерүүдөн бери 671 саат учкан. Учакты башкарып бара жаткан капитан Игорь Кшнякин чоң тажрыйбага ээ. Ал 15000 сааттан ашык учуу иш тажрыйбасына ээ болгон. Анын ичинен 11 200 саатка жакыны капитан катары иштеген”,-деп айтылат авиакомпаниянын билдирүүсүндө.
Azerbaijan Airlines авиакомпаниясы иликтөө аяктаганга чейин Баку-Грозный-Баку жана Баку-Махачкала-Баку каттамдары боюнча рейстерди убактылуу токтотуп жатканын билдирди.
Казакстандын башкы транспорт прокурору Тимур Сулейменовго шилтеме берип, “Казинформ” агенттиги Актауда кырсыктаган Azerbaijan Airlines (AZAL) учагынын кара кутусу табылганын кабарлады.
Вице-премьер Канат Бозумбаевдин айтымында, учак республика аймагына саат 11:02де кирген. Саат 11:28де байланыш үзүлгөн, ал эми 11:37де жерге кулаган. Окуя болгон жерден табылган борттук жазгыч тергөө ишине берилген.
Азербайжандык авиакомпаниянын Embraer 190AR учагы 25-декабрда эртең менен кырсыктаган. Бортунда 67 адам болгон, алардын 38и көз жумган.