Камакта жаткан “KG Групп” курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун кыйноого кабылганы боюнча арызы
текшерилип жатканын
Башкы прокуратура
билдирди.
“Арыз Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”,- делет мекеменин маалыматында.
Ошондой эле бул факты боюнча УКМК да кызматтык иликтөө жүргүзүптжатканы белгилүү болду.
Ишкер Имамидин Ташовдун апасы баласынын УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылып, оор абалда калганын айтып чыккан эле.
Имамидин Ташов
апасына жазган катында 11-12-13-июнь күндөрү аны адвокаты жок эле алып чыгышып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканын жазган.
Ал эми
октябрдын этегинде ишкер өзүнүн курсагынын эки жерине сайып жиберген делип, ооруканага жеткирилип, дарылагандан кийин №21 тергөө абагына жеткирилген.
Камактагы ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча айыбы угузулган.