Кызым келди

Автор

1993-жылы керемет инсан Чыныбай Турсунбековдун жөлөк, таягы менен окууга жөнөдүм. Кеч күз эле. Көйнөгү жыртылган жалбырактар талында дирилдейт. Мен болсо, албууттанган дайрада ары бери чайпалган кайыктаймын.
30 жылдан кийин былтыр ушул күнү кызымы “кыргызга алтын колдуу дабаагер бол”,- деп алыскы Маскөөгө аттандырдым. Анда да, Бишкек албууттанып, көк асманда кылычын жаңсап аткан. Ошол 30 жылдан кийин өзүмдү арыкта агып бараткан жалбыракка салыштырып, унаада үнсүз бараткан элем.
Радиодо Жанар Акаев жалындуу сүйлөп жаткан.

Мен жаз айын дайыма апама окшоштурам. Алайдын тоолорунда калкыган ак булуттар апамын ак жоолугу сыяктанат.

Стамбулдун дуулдаган, шуулдаган агымы кирген дайрага окшош. Күңүрт бөлмөлүү отелдин терезесинде таранчы сыяктуумун. Былтыркы мен көргөн чымчыктар эски шаарда калган сүйүүбүздү, жаштыгыбызды, курчтугубузду ээрчитип учуп баратышат.
Апам азыр эски тамдын дубалына жөлөнүп отургандыр. Тесбисин тарткан сайын дүнүйөнүн оор жүгү бир ары бир бери тартылып жаткандыр.

Кызым бүткүл сүйүнүчүн жетелеп, Ак-Бура өңдөнүп кирип келди. Адам үчүн өзү чоңойгон үйдөн артык эч нерсе жок. Үйдүн жыты – эненин, атанын жыты. Сагынычтын, махабаттын жыты.
Баарыбыз дуулдап калдык. Былтыркы бизди таштап кеткен куш кайрадан келип, ууртубузга конгондой.

Абдрахман ака “эй, бала бери кара” деп айта электе чекит коеюн. Ушул аңги, дүңгү жазылган немени күйөөңөрдү күтүп отурганда, же, аялыңар менен базарга жөнөөрдө “сен чыгып, машинеңди кызытып турчу, мен кашы, көзүмдү боёп чыга калам”,- деп, бирок, аябай күттүрүп чыкпай жатканда окуп койсоңор болот.
Кээде автобуста баратып, тажаал эки аялдын урушун көрөсүң. Жапжаш кыздардын орундуктарда уктамыш болгон абалына күлкүң келет. Ошондо расса окула турган нерсе, ушул неме. Бирөө айтмакчы, “адин гавариш-дыва гавариш”! Ошо… Саманы меники, буудайы силердики.
Манас Осмон журналист

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Кыргызстан командасынын капитаны Акжол Махмудов болду

Париждеги Олимпиадада улуттук курамдын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Махмудовдун алгачкы беттеши 6-августка пландалган, ал эми оюндардын ачылышы 26-июлда өтөт. Күрөш боюнча беттештер кечирээк башталгандыктан оюндардын ачылышына балбандар катышпайт. Мындан улам ачылыш аземде өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. […]

Сизге жагышы мүмкүн