Кызыктар алдыдабы?

Автор

Экс-вице – спикер Кубанычбек Исабеков Конституциялык сотко кайрылуу жолдоп, “экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И. Отунбаева жөнүндөгү” № 4 жарлыгы, ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесинин 1-пунктуна толугу менен карама-каршы келерин тастыктап, ал жерде «Президент, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан бир мөөнөт 5 жылга шайланат” деп турат. Роза Отунбаева мамлекетибиздин жарандары тарабынан эч качан Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган эмес, ошол себептен 2003-жылдын 18-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндөгү» мыйзамына шилтеме жасоо менен, “Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндөгү” жарлыгы толугу менен токтотулсун деп кайрылган. Конституциялык сот экс-депутаттын кайрылуусуна кандай жооп берет, азырынча белгисиз. Бирок, коомчулукта ушул көз карашты кармангандар көп экени талашсыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 26 мектеп убактылуу онлайн окутууга өтөт. Себеби

Бишкекте Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 26 мектеп онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 18-20-май күндөрү Ленин районундагы 8 мектеп, Свердлов районундагы 6 мектеп аралыктан окуйт. Ал эми 22-24-майга чейин Биринчи Май районундагы 6 мектеп, Октябрь районунда да 6 мектептин окуучуларына сабактар онлайн болот. Эске салсак, Кыргызстанда […]

Сизге жагышы мүмкүн