Депутаттарга кайрадан кызматтык унаа берилиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Нурбек Сыдыгалиев бул боюнча мыйзам долбоорун даярдады. Ал депутаттар ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткаруу үчүн кызматтык унаанын болушу зарыл деп эсептейт.
“Депутаттар эл менен тыгыз иштешишет. Ар кандай иш-чараларга катышышат, шайлоочулар көтөргөн маселелерди жеринде көрүү үчүн ал жакка барууга туура келет. Буга республикалык бюджеттен кошумча чыгым деле кетпейт”,- дейт ал.