Өткөн жумада кызматтан куулган Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов менен анын орун басары Данияр Жаныкуловго кылмыш иши козголобу? Айрым укук коргоочулар менен журналисттер белгилегендей, Керим Макеев аттуу жарандын берген конверти “пара талап кылуу” же, “кызмат абалынан пайдалануу” деген беренеге төп келип калышы мүмкүн. Анда Данияр Жаныкулов мыйзамдын укуругунан узак качалбайт дешүүдө. Ал эми экс – губернатор Зиядин Жамалдинов боюнча парламентте айтылгандар текшерилип, депутаттар көтөргөн маселеге да, баа берилиши мүмкүн. Мындайда, Кара-Суу району боюнча да масштабдуу текшерүү жүрүшү зарыл экени айтылып жатат.