Кыргызстанда кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөөнүн алкагында 60 миңден ашык бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликке караштуу Республикалык иммунопрофилактика борбору жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун 13 475 учуру катталганын билдирди.
Анын 1314ү чоңдор, 12161и балдар, анын ичинен 9067си 4 жашка чейинки балдар. Эң көп учур Бишкек шаарында – 5012 адам, Чүй облусунда – 3326 адам, Ош облусунда – 1804 адам, Жалал-Абад облусунда – 1406 адам, Ош шаарында – 837 адам, Баткен облусунда — 510 адам, Ысык-Көл облусунда — 249 адам, Талас облусунда — 154 адам жана Нарын облусу – 177 адам катталды. Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамыктан каза болгон 3 учур катталды.
Кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөөнүн алкагында 2024-жылдын 6-ноябрына карата 60 миң 295 бала эмдөөдөн өттү.
Эске сала кетсек, былтыртан бери өлкөдө кызамык оорусунун чыгышына каршы эки этаптуу эмдөө өнөктүгү ишке ашырылган. Анын жүрүшүндө 9 айдан 7 жашка чейинки 818 939 бала эмдөөдөн өткөн, бул максаттуу топтун 84,6% түзөт.