Кыргызстандагы курулуш компанияларынын кара тизмесин түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, биринчи кезекте курулуш компаниялары тууралуу маалыматты камтыган реестр түзүлөт.
“Үй алууну каалаган жарандар так маалыматты ошол реестрден ала алат. Кайсы курулуш компания реестрге кирген болсо ал тартиптүү, карызы жок, эч кимди алдаган эмес, сот процесстери жок дегенди түшүндүрөт”, — деди Төрөбаев.