Курулуш агенттикти министрлик кылуу сунушталды

Автор

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикти Курулуш министрлиги кылып өзгөртүү боюнча парламентте сунуш айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү “Мына кошуна мамлекеттерде Курулуш министрлиги бар. Бизде болсо, агенттик боюнча калып кетти. Бюджети да көп. Ушуну министрлик кылуу боюнча сунуш киргизем”,- деди.
Депутаттын сунушуна Акылбек Жапаров жооп берип, “бизде министрликтер дале болсо көп. Бирок, көп бюджет бөлүп, жаш кадр алып бардык. Жакшы иштер болуп атса, ойлонуп көрсөк болот. Арийне, бизден чоң мамлекеттер деле аз министрликтер менен иштейт”,- деди.
Айбек Осмонов бюджеттеги өнүгүүнү белгилеп, муну министрлер кабинетинин эмгеги деп баалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кадрлар айыл өкмөтүнөн баштап даярдалат

Мындан ары айыл өкмөт болбогон – аким, министрдин орун басары болбогон – министр, ал эми аким болбогон – губернатор боло албайт. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-декабрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы “Биз азыр ушул багытта мыйзам даярдап жатабыз. Бул биздин эффективдүү өнүгүүбүздү шарттайт”,- деди. […]

Сизге жагышы мүмкүн