Элдик Курултай ушул жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 700 делегат шайланып келет. Бул тууралуу Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынында белгилүү болду.
Жыйында Элдик Курултайга этностук өкүлчүлүктөн делегаттарды шайлоо, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын ичинен делегаттарды шайлоо боюнча нускамалар, жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмө, жыйындарды өткөрүү боюнча бирдиктүү протоколдордун үлгүлөрү жана иш-чаралардын планы уюштуруу комитетинин жалпы мүчөлөрүнүн добушу менен бекитилип, ага ылайык тиешелүү тапшырмалар берилди.