Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын Курск облусунда 11 миңге жакын Түндүк Кореянын аскери бар экенин билдирди.
“Украинанын чалгындоо кызматынан Түндүк Кореянын аскерлеринин Россия аймагында жүргөнү тууралуу билдирүү келген. Алардын саны Курск облусунда 11 миңге жетти. Биз алардын саны өсүп жатканын байкап жатабыз. Тилекке каршы, биздин союздаштардан эч кандай реакция көргөн жокпуз”,-деди Зеленский расмий Telegram-каналында.
Пентагондо бул аскерлер согуштук аракеттерге катышып жатканы тууралуу маалымат жок экенин белгилешти.
Пентагондун өкүлү генерал-майор Патрик Райдер дүйшөмбү күнү АКШ учурда Россиянын Курск облусунда 10 миңден кем эмес Түндүк Кореянын аскерлери бар деп эсептей турганын тастыктады. Бирок алар согуштук аракеттерге катышып жатканын тактоо мүмкүн болбой жатканын билдирди.