Россиянын абадан коргонуу каражаттары 10-августка караган түнү Россиянын эки аймагынын үстүнөн 26 дронду жок кылды.
Бул учурда эч ким жабыркабаганын, кыйроолор болбогонун билдирилди. Дрондордун жардамы менен аймактагы ишканалардын бирине чабуул жасоо аракети көрүлгөн.
Курск облусунда украин армиясынын чабуулунан кийин согуштук аракеттер уланып жатат. Бул аймакта, Белгород жана Брянск облустары менен катар, 9-августта саат 23:00дөн тартып контртеррордук операция режими киргизилди. Курск облусунун чек арага жакын аймактарынан 123 тургун Тулага көчүрүлгөн.
Париж -2024: Айпери Медет кызы жарым финалда утулуп калды
Ише Авг 10 , 2024