Курск аймагында Украинанын аскердик комендатурасы түзүлгөнү айтылды

Автор

Курск облусунда Украина армиясынын чабуулу уланып жаткан жерде аскердик комендатура түзүлдү. Бул тууралуу жогорку башкы командачынын отурумунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди. Анын айтымында, комендатура коомдук тартипти камсыздоого жана жергиликтүү калктын бардык муктаждыктарын чечүүгө тийиш. Бул мекемени генерал-майор Эдуард Москалев жетектейт.
Сырскийдин айтымында, 15-августка карата Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусунун ар кайсы багыттарында 500 метрден 1,5 километрге чейин алдыга жылышкан. Азыр украин армиясынын көзөмөлүндө 1150 чарчы километр аянттагы 82 калктуу пункт турат. Ал кошумчалагандай, операция башталгандан бери Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусунун ичин 35 чакырымга чейин кирип келишкен.
6-августтан тартып Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусунда чабуул баштаган. 9-августта бул аймакта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 10-августта Россиянын Улуттук антитеррористтик комитети Белгород, Курск жана Брянск облустарында антитеррордук операция режимин киргизген. 12-августта Украина менен чектешкен Белгород облусунун Краснояружский районунда эвакуация башталган.

Бөлүшүү:
Next Post

17-19-августта өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-августан 19-августка чейин чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Жарандарга бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдыруу […]

Сизге жагышы мүмкүн