Курск аймагындагы экинчи көпүрөө талкаланды

Автор

Украин куралдуу күчтөрү Курск облусундагы Сейм дарыясындагы дагы бир көпүрөнү кыйратышты. Бул тууралуу россиялык аскер кабарчысы Юрий Котенок өзүнүн Telegram-каналында билдирди. Ал көпүрө Украин куралдуу күчтөрү тарабынан HIMARS реактивдүү системасынын жардамы менен кыйратылганын белгиледи.
Маалымат каражаттары Глушковский районунда Карыж айылындагы жалгыз көпүрө калганын, душмандын күчтүү басымына кабылган учурда жолдор жетишсиз болушу мүмкүн экенин жазышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар […]

Сизге жагышы мүмкүн