Франциядагы Ла Самбуи лыжа базасы кардын аздыгынан улам биротоло жабылды. Мындай чечимди шаардык кеңеш кабыл алды. Курортту иштетүү кирешелүү болбой калды.
Өткөн кышта төрт жума гана кар жааган, ошондо да кар аз болгон. Курорт Франциянын Альп тоолорундагы Монбланга жакын жерде жайгашкан.
Дүй Сен 18 , 2023
Бүгүнкү күнгө карата “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору боюнча 3 млрд 266,6 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн жалпы көлөмү 3,3 млрд сомду түзөт. “2023-жылдын 14-сентябрына карата долбоордун алкагында республиканын 7 274 айылдык товар […]