Курбан (курмандык кылуу) деген эмне?
«Курбан» сөзү, курмандык кылуунун эсебинен – жаныбарды курмандыкка чалуу аркылуу, Аллахка «жакындоо», «жакын болуу» – дегенди түшүндүрөт.
Курмандык кылуу, хижранын экинчи жылынан тартып, милдетүү ырым болуп калган. Тактап айтканда, пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) Меккеден, Мединага көчүп келгенден кийин. Курбан (курмандык кылуу), Ибрахим пайгамбардын (ага тынчтык болсун!) сүннөтү болуп саналат. Кудуреттүү Аллах, Куранда, курмандыкка чалынчу Исмаилдин ордуна, Ибрахимге курмандык кылынуучу жаныбардын жиберилгендиги жөнүндө салтанаттуу жарыялайт.
«Аны бир чоң курмандык менен алмаштырдык»
(«Сааффат» сүрөөсү, 107-аят).
Аллах, Куранда буйрук кылды:
«Эми Эгеңе (сыйынып) намаз оку жана курбандык чал»
(«Кавсар» сүрөөсү, 2-аят)
Жалпысы тааныган ой-пикирге ылайык, бул аяттагы «намаз» сөзү, Курман-айттагы «айт намазды», ал эми «курбандык чал» сөзү, майрам күндөрү «курмандык кылууну» түшүндүрөт.
Аллах, курмандыкка чалынган жаныбардын этине, канына муктаж эмес экендигин, эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ага, анын кулунун ниети, чынчылдыгы жана кудайдан коркуучулугу жетиштүү. Куранда, бул ниеттер жана кудайдан коркуучулук, баардык аракеттердин негизин түзүп, төмөнкүдөй бааланат:
«Курбандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллахка жетпейт. Бирок, силердин такыбалыгыңар гана (Аллахка) жетет»
(«Хаж» сүрөөсү, 37-аят).
Курбан ким үчүн милдеттүү?
Биздин күндөрдө, жашы жеткен мусулман, садака-битирди төлөө үчүн (орточо жетиштүүлүктөн жогору, тактап айтканда, кой сатып алууга жетээрлик каражат), ак эмгек менен тапкан каражатка ээ болушу керек. Эгерде, үй-бүлөнүн же адамдын, мындай каражаты (же кыйналып жатса) жок болсо, ал үчүн курбан милдеттүү эмес. Ал, курмандык чалынган жаныбардын этинен, алуучу муктаждардын катарына кирип калат.
Курмандыкка чалынчу малды кантип тандоо керек?
Курмандыкка чалына турган мал оорулуу болбошу зарыл. Эсиңизде болсун, сиз курмандыкты, Аллахтын өзүнө чалып жатасыз. Андыктан, мыкты жаныбарды тандашыңыз керек.
Курбандыкка багытталган малдын саламаттыгына жана дене-мүчөлөрүнүн толуктугуна көңүл бурулушу зарыл.
Курбанды аткаруунун шарттары
Курмандык чалуу убактысы – Курман айттын биринчи (күн кечке), экинчи (ошол күн кечке) жана үчүнчү күндөрү (аср намазына чейин). Бул убакыттан кийин, курмандык кылуу, Курман айттын намазына жана майрамдык хутбасына чейинки, курмандык чалуу да эсепке кирбейт. Курмандык кылуу үчүн, мыкты убакыт болуп, Курман айттын майрамдык намазынан кийинки мезгил эсептелет.
Курбандык канча адам үчүн чалынат?
Бир үй-бүлөнүн атынан, бир кой курмандыкка чалынат. Ар бир жетиштүү үй-бүлө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны жүз адам болсо дагы, бир гана койду курмандыкка чалат. Ата ибн Ясар баяндайт: «Бир күнү, Абу Айубдан сурашты: “Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) учурунда, курмандыкка чалуу кантип ишке ашкан?” Ал жооп берди: “Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) мезгилинде, бир адам, өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү үчүн, бир койду курмандыкка чалып, ошол эттен өздөрү жеп, бир бөлүгүн башкаларга таратышчу. Силер көрүп турган нерселер болгонго чейин, адамдар ал аракети үчүн мактана башташты” » (Ибн Мажах 3147, ат-Тирмизи 1541).
Курмандыкка, кой, уй, топоз, төө, бука, эчки, тактап айтканда, ача туяктуу жаныбарлар (жылкыга да уруксат берилген) чалынып, канатууларды (тоок, каз же өрдөк) курмандыкка чалууга болбойт!
Курмандык кылуунун алдында, Аллахтын эскерүү жөнүндө
Курмандыкка чалына турган жаныбарды мууздаардын алдында, Аллах үчүн курмандык кылынып жатканын ниет кылып, Аллахтын ысымын эскерүү зарыл. Жараткан айтты:
«…Аларды тургузуп коюп, ага Аллахтын ысымын атагыла…»
(«Хаж» сүрөөсү, 36-аят).
Сүннөткө ылайык, курмандыкка чалаардын алдында, кийинки сөздөрдү айткыла: «Аллахтын аты менен, Аллах улуу. Оо Аллах, курмандыгымды кабыл ал!» (Бисми-Ллях, уа-Ллаху Акбар. Аллахумма такъаббаль-минни). Бул сөздү каалаган тилде айта берсе болот.
Мусулман, Жаратканга кайрылып жатканда, пайгамбарыбыздай (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!), үй-бүлө мүчөлөрүн айтып кетсе болот: «Оо Аллах, Мухаммаддан жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн кабыл ал!». Мындай учурда, жаныбарды мууздап жатканда, мындай деп айтуу керек: «Оо Аллах! Бул менин жана менин үй-бүлөмдүн атынан» (Аллахумма, хаза ‘анни уа ‘ан аль байти).
Курмандыкка чалынган жаныбардын этин кантип туура бөлүштүрүү керек?
Курмандыкка чалынган жаныбарды бөлүштүрүүнүн мыкты жолу, Ибн’ Аббастан берилген хадисте баяндалгандай, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты: «Эттин үчтөн бирин өзүңө калтыр, үчтөн бирин коногуңа бер, калган үчтөн бирин муктаждарга тарат».
Эттин бир бөлүгү кошуналарга жана туугандарга таратылып, же болбосо, үй ээси бул бөлүктөн тамак даярдап, аларды конокко чакырат.
Экинчи бөлүк жарды-жалчыларга жана кедей-кембагалдарга берилет.
Үчүнчү бөлүк өз үй-бүлөсүнө калтырылат.
Жараткан Аллах буйрук кылды:
«… Качан алардын жамбаштары жерге тийсе, (жаны чыккандан кийин) өзүңөр жеп, муктаждарга да, муктаж эместерге да жегизгиле…»
(«Хаж» сүрөөсү, 36-аят).
Аалымдар, курмандыкка чалынган жаныбардын этин, терисин, башын, туяктарын, ичеги-карынын жана майын сатууга болбоорун бир добуштан айтышат. Абу Хурайрадан баяндалгандай, Аллахтын элчиси айтты: «Кимде-ким курмандыкка чалынган жаныбардын терисин сатса, курмандыгы эсепке кирбейт».
Бирок, кээ бир аалымдар белгилегендей, эгерде адам, ошол жаныбардын терисин сатып, аны садага катары (өзүнө калтырбай, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн, кайыр-садага кылып берсе) берүү шарты менен сатса уруксат.
Жаныбарды сойгондон кийин, өзүндүн курмандыкка чалган жаныбарыңдын этин жеш керек. Курмандык кылууну ниет кылган кимдир-бирөө, өзү курмандыкка чалган жаныбардын этин жемейинче, тамактанбай турушу, сүннөт болуп эсептелет. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) тамак ичпей туруп, ооз ачуу ибадатына чыккан эмес жана курмандык чалуу ибадатына чыгып жатып, кайтып келгенге чейин, тамактанган эмес.
Ummamag.kg / Диний агартуу Автору: Кадыр Маликов