Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди “Кумтөр” иши боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялаган чечимин чыгарган. Аны сыртынан 2023-жылдын 1-мартында 10 жылга кескен. Бирок, мекеменин басма сөз кызматы 9-июнда маалымат таратты. Курманбек Бакиевдин мурдагы соттолгон мөөнөттөрүн кошкондо эми 30 жыл өкүм кийди.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин 2-бөлүмү боюнча айыпталып жатат.