“Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасынын 75 жаштагы вице-президенти Советбек Сарбанов боюнча депутат Кундузбек Сулайманов катуу нааразычылыгын билдирди. Ал “өзүнүн улутун, тилин жана баалуулуктарын билбеген, сыйлабаган Советбек Сарбанов деген жаран отурат. Өзүнүн тилин билбеген адам өзүнүн улутун сыйлайбы?”,- деди депутат.
Советбек Сарбанов 1990-жылы министрдин орун басары, И. Раззаков атындагы Университеттин ректору болуп эмгектенген.