21-кылым ар кандай кубулуштардын сырын ачкан окуяларга бай болду. Ошол эле кезде илим менен техника дүркүрөп өстү. Мына ушундай өнүгүү жолундагы илим кумурскалар боюнча керемет изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Анда айтылгандай, кумурскалар буудай же, арпа данектерин уясына алып киргенден кийин аларды экиге бөлүшөт. Экиге бөлүнгөн өсүмдүк данектери эч качан өнбөйт. Ал эми кориандр данегин 4кө бөлүшөөрү белгилүү болду. Анткени, кориандр данеги экиге бөлүнгөн учурда деле кайра өнүп, өсө берээри, кумурскалар мындан улам төрткө бөлүү аркылуу азык катары колдонуп келишкени тастыкталды.