Кумтөр соңку 2,5 жылда 300 млн доллар киреше алды

Автор

Кыргыз өкмөтү 2.5 жылда Кумтөр кенинен 300 миллион доллар көлөмүндө киреше алды. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкекте форумда сөз сүйлөп жатып билдирди.
“Мамлекеттик активдер 2015-жылы 310 млрд сомду, 2020-жылы 420 млрд сомду түздү, же 5 жыл ичинде 1,5 эсеге өстү. Азыр мамлекеттик активдер 824,2 млрд сомду түзүп, акыркы 3 жылда эки эсеге өскөн”,- деди Акылбек Жапаров.
Ал мындай ийгиликтердин жаралышына коррупция менен күрөшүү да себеп болгонун,ү айтып, анын негизги “оорусу” “Кумтөр” алтын кени болгонун билдирди.
Маалым болгондой, 1994-2021-жылдар аралыгындагы “Кумтөрдөн” түшкөн дивиденддер 100 млн долларды гана түзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

“Аль-Наср” клубу Роналду менен келишимди узартат

“Аль-Наср” клубу 39 жаштагы чабуулчу Криштиану Роналду менен келишимин 2026-жылга чейин узартууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык, тараптардын сүйлөшүү процесси келерки жайда башталат. Ал-Наср португалиялык футболчунун айлыгын көбөйтүүнү пландоодо. Роналдунун азыркы маянасы 200 миллион евро экени баса белгиленген. Эске сала кетсек, бул сезондо Роналду бардык турнирлерде 44 […]

Сизге жагышы мүмкүн