Кумтөр кен аймагында аркар-кулжалардын саны көбөйүүдө

Автор

Кумтөр кенинин аймагында 140тан ашык аркар байырлайт.
“Кумтөр Голд Компани” ишканасынан билдиришкендей, экологдор кендин төмөнкү зонасында аркарлардын санын аныктоо максатында мониторинг жүргүзүштү. Анда жалгыз жүргөн аркарлар жана 40 башка чейин биригип жүргөн аркарлардын топтору байкалган.
Жыйынтыгында ноябрь айына карата Кумтөр кенинин аймагындагы аркарлардын (тоо койлорунун) жалпы саны 140тан ашары аныкталган.
Кумтөр кенинин аймагында Кызыл китепке кирген илбирс, аркар-кулжа жана жапайы тоо эчки-текелери байырлап келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагы бир жетекчи камакка алынды

УКМК Ош шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматовду кылтакка илди. Ал “Туран” кичи шаарчасындагы селди алдын алуучу 2.2 гектар каналды сатып жибергени үчүн кармалганы белгилүү болду. Ага кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголду. Кечээ, 29-ноябрда Ош облустук соту анын баш […]

Сизге жагышы мүмкүн