Кумтөр кени штаттык режимде иштеп жатат

Автор

Түндөгү жер титирөөгө байланыштуу “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Кумтөр кенинде абал туруктуу экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө учурунда Кумтөр кен жайынын бардык кызматтары коопсуздук техникасынын эрежелерине ылайык иш алып барышкан.
Кумтөр кенинде жабыркагандар жана кыйроолор жок. Азыркы учурда кен кадимки, штаттык режимде иштеп жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-январга караган түнү саат 00:09да катуу жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, такталган маалымат боюнча, 23-январда саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган
Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстанда түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөөгө 282 адам чыкты

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө 23-январда таң эрте кайра улантылууда. Аны издөөгө куткаруучулар жана ИИМдин кызматкерлери тартылганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Учурда 282 адам чыкты, анын 172си куткаруучу. Анын ичинде 1 кинолог, 4 атчан бар. Алар 6 дрон, 18 техника менен капчыгайда издөө ишине чыгышты. Ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн