Кумтөрдө бийик тоолуу аймактарда өскөн, Кызыл китепке кирген укмуштуудай кооз ак лотос гүлүн ачты. Бул тууралуу “Кумтөр” ишканасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, сейрек кездешүүчү гүлдүн өсүү аймагы чектелүү болгондуктан, аны жапайы жаратылышта табуу өтө кыйын.
Азияда лотос гүлү – жаңылануунун, жакшылыктын ыйык символу катары өзгөчө аздектелип келет.
Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн жана канаттуулардын Кумтөр кенинин аймагында кайрадан пайда болушу өндүрүштө экологиялык талаптар жогорку деңгээлде сакталып жаткандыгынын далили боло алат.