Кумтөр алтын кениндеги каржылык мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тогуз адам жоопко тартылууда. Бул тууралуу “Кумтөрдүн” ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев билдирди.
Анын айтымында, депутаттык комиссия Кумтөрдү текшерүүнү аяктады — баалуу металлды уурдоо фактылары табылган эмес.
Малиев ошондой эле Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуулар боюнча тогуз адамга төрт кылмыш иши козголгонун билдирди.