Кыргызстанда кумсалар үчүн бир жылга 78 млн сом каражат коротулат. Бул каражат өз ара катнаш учурунда жыныстык ооруларды алдын алуу үчүн презерватив жана башка заттар үчүн жумшалат. Республикалык Спид борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов “мындай каражаттар Глобалдык Фонддон келет. Алар эркек менен эркектин ортосундагы жыныстык катнашына профилактикалык иштерди жүргүзүп, презарватив таратасыңар деген талапты коёт. Учурда Кыргызстанда мындай 16900 адам каттоодо турат”,- деп билдирди. Анын айтымында, 16900 адамдын эң аз он пайызы ВИЧ илдетин алып жүрөт.