Кумар оюндарынан бюджетке канча салык түштү?

Автор

Үстүбүздөгү жылдын жети айында бюджетке оюн-зоок ишмердүүлүгүнөн 136 млн 888,7 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кирешелердин негизги бөлүгү (129 миллион 92,2 миң сом) казинолордон түшкөн. Төлөнгөн салыктын көлөмү боюнча экинчи орунда букмекердик кеңселер турат. Быйыл январдан июль айына чейин букмекердик кеңселер салыкка 7 миллион сом чегерген.
Калган сумма оюн автоматтары жана виртуалдык казинолордон түшкөн. Ал эми онлайн казинолор 1,5 миң сом гана салым кошкон.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент түшкөн тик учактын кыйрашынын себеби айтылды

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Ибрахим Раиси түшкөн тик учактын кулашы боюнча акыркы отчетун жарыялады. Анда тик учак аймактагы татаал климаттык шарттар, коюу тамандан улам кырсыкка учураганы маалымдалды. Май айынын ортосунда Иранда өлкө президенти Ибрахим Раиси жана тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахьян түшкөн тик учак кыйраган. Аба түзүмүндөгү адамдардын баары […]

Сизге жагышы мүмкүн