Кулпунай менен малинанын экспорту көбөйдү

Автор

Кыргызстан коңшу Казакстан менен Россия өлкөлөрүнө мөмө-жемишти экспорттоонун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чаврба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы 8 айда Кыргызстан 4616,6 тонна кулпунай экспорттогон. Бул өткөн жылга караганда 20,5% га көп, ал эми малина 1470 тонна эскпорттолуп, бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 36,4% га жогорулаган.
Ошондой эле-2024–жылдын январь-май айларында өлкөдөн 236 миң 572 тонна, 10,9 млн даана жана 1 134 м3 карантинге алынган продукция экспорттолуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товарлардын экспорту 28 миң 280 тоннага, 7,2 млн даанага жана 273 куб метрге көбөйгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектеп окуучулардын формасы классикалык стилде болушу керек?

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө мектептердин 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар коюлган. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына, окуулар өткөрүлгөн жерге жана класстардагы температуралык шарттарга ылайыктуу болушу керек. Балдар үчүн мектеп формасы төмөнкү […]

Сизге жагышы мүмкүн