Кубанычбек Ысабеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Автор

Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Бүгүн, 23-декабрда Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын МСКнын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жамаатка тааныштырды.
Салык кызматынын башчысы жаңы дайындалган жетекчинин орун басары өзүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйбага жана кесиптик билимге ээ экендигин баса белгиледи.
Ал Кубанычбек Ысабековдун салык системасы, анын процесстери жана Салык кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен жакшы тааныш экендигин белгиледи.
Кубанычбек Ысабеков буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ жарандарын Беларусиядан дароо чыгып кетүүгө чакырды

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарандарын Беларусиядан дароо чыгып кетүүгө, ал жакка баруудан баш тартууга чакырды. Вашингтондун бул сунуштары беларус бийлигинин жергиликтүү мыйзамдарды өзүм билемдик менен колдонушу, кармалып калуу коркунучу жана мүмкүн болгон жарандык баш аламандыктар менен түшүндүрүлдү. Беларусияга барбоо боюнча сунушунун себептеринин арасында Минскинин Россиянын атайын аскердик операциясын колдоосу да көрсөтүлгөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн