Кубанычбек Самаков: “Аманат” 300 миңден ашык жазанын билдирмелерин тараткан эмес”

Автор

Өткөн жуманын башында депутаттык топ санариптик жана өнүктүрүү министрлигинде көчмө жыйын өткөрүп келишкен. Мындай маалыматты депутат Кубанычбек Самаков билдирди. Алар жол коопсуздугунун жазаларын элге жеткирип берүүнү тендерден утуп алган “Аманат” деген компаниянын Көк-Жардагы кеңсесине да барышкан. “Аманат” болсо, жазаларды элге жеткизбейт экен. Биз кирип барганыбызда 300 миңден ашык жазанын билдирмелери жатыптыр. Ортосунан бир жазаны сууруп чыгып, компьютерге текшертсек, 2023-жылдын июль айына таандык болуп чыкты. Биринчиден, бул бюджетке түшпөй калган чоң акча экинчиден, тендерден жалгыз жеңүүчү болгон компания экен. Муну текшерип, татыктуу баасын беришибиз керек”,- деп билдирди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Чет элдик жаранды милиция издеп жатат

Болжол менен Биринчи май райондук сотунун жанында мектептен үйлөрүнө бараткан кичинекей кыздарга тийишип, аларды азгырууга аракет кылган чет элдик жаранды милиция издеп жатат. Ал пакистандык же, индиялык болушу мүмкүн. Видеону чет элдик жаран өзү тартып, тик – ток баракчасына жүктөгөн. Кыздардын ата – энеси милицияга кайрылып, өспүрүм кыздарга тийиштик кылган […]

Сизге жагышы мүмкүн