Кубанычбек Исабеков президентке жана Жогорку Кенешке кайрылуу жасайт

Автор

“Роза Отунбаева президент болуп шайланган эмес деп Конституциялык сотко арыз менен кайрылгамын. Конституцияда президентти бүткүл эл шайлайт деп турат. Бирок, тилекке каршы, андай шайлоо өткөн эмес”. Мындай пикирин экс-вице спикер Кубанычбек Исабеков билдирди.
“Булар БШКны таратып жиберишкен. Эсиңиздерде болсо, 31-августта Алмазбек Атамбаев алагүү болуп алып, “бул жерде президент болуп шайланбаган Роза Исаковна дагы отурат”, – деп аял кишини уят кылбады беле?
Чынында, ал шайланган эмес. Бирок, Атамбаев указ менен макам берип жатпайбы”,- дейт. Кубанычбек Исабеков салык төлөөчү жаран катары Конституциялык сотко кайрылганын маалымдап, жаран катары укугу бузулуп жатканын айткан.
“Эмне үчүн шайланбаган кишиге экс-президент деген макам берилген. Өмүр бою кайтарууда жүрөт, чыгымдарын бүт мамлекет төлөйт. Жүздөгөн, миңдеген пенсия алат. Ошол эле кезде БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча өкүлү болуп иштеп жатат. Эгер патриот болсо, ушул макамынан өзү эле баш тартып койсо жакшы болмок. Мен Конституциялык сотко кайрылгандыгым чындык. Бул кишиге чыккан указ Конституцияда жок. Бирок, азыр мышык-чычкан оюну башталып кетти. Жакында пресс жыйын өткөрөм. Алардын чыгарган декреттери баары мыйзамсыз. Конституциялык сот айлык алып эле жата береби? Алардын жетекчилери чет элде аялдар менен эс алып жүргөнүн УКМК да чыгарган. Эгер ушундай кете берсе, мен президентке жана Жогорку Кенешке кайрылуу жасайм. Элдин кызыкчылыгын карабаса, Конституциялык сотту жоюп салыш керек”,- деди берген маегинде.

Бөлүшүү:
Next Post

Европа парламентине шайлоо: Европа элдик партиясы жеңүүдө

9-июнда Европа парламентине шайлоо аяктады. ЕБдин 360 миллион жараны 720 депутатты тандашты. Шайлоонун акыркы күнүндө участоктор ЕБнин 21 өлкөсүндө ачылган. Италия борбордук европа убактысы боюнча 23:00до жабылган акыркы мамлекет болду. Европа элдик партиясы (ЕЭП) алдын ала божомолдор боюнча 184 мандат алып, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Прогрессивдүү социалисттер жана демократтар […]

Сизге жагышы мүмкүн