Кубанычбек Бөкөнтаев кызматтан кетүү чечимин өзү кабыл алгандыгы айтылды

Автор

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасын кызматтан кетүүсүнө макул болду. Бул тууралуу маселе бүгүн, 26-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралды.
Жыйында депутат Гуля Ахматкулова Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан кетүүсүнө эмне себеп болгонун сурап, “анын жыйынга келбей калганы түшүнүктүү деңизчи. Отставкасы боюнча өзүнөн сурасак жакшы болмок. Бирок, өлкө жетекчиси аны мактап жатпады беле”,- деди.
Депутаттын суроосуна төрага Нурлан Шакиев жооп берип, “ал киши кызматтан кетүү боюнча чечим кабыл алыптыр. Биз бир нерсе демек белек. Ар кимдин өз иши да”,- деди.
Жыйынтыгында депутаттар Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту.

Бөлүшүү:
Next Post

ЕККУнун төрагасы эртең Бишкекке келет

Тышкы иштер министрлигинен маалыматында эртең, 27-июнь күнү Европа коопсуздук келишим уюмунун төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борчтун Кыргызстанга келээри күтүлүүдө. Ал президент Садыр Жапаров, ЖК төрагасы Нурлан Шакиев, ТИМ министри Жээнбек Кулубаев, УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен жолугушуп, Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусун жана […]

Сизге жагышы мүмкүн