Кубантайды эмне кубандырат?

Автор

Москва шаарына илим издеп кетип, изденүүсүнүн натыйжасында ийгиликтерге жетишкен мекендешибиз, Патрис Лумумба атындагы Орусия элдер достугу университетинин Гравитация жана Космология институтунун физика кафедрасынын окутуучусу, илимдин кандидаты Кубантай Эрназаровдун илимдеги жана көркөм адабияттагы чыгармачылык жолу тууралуу маекке тартык…


-Кубантай, алгач өзүңүз жөнүндө, кандайча Орусияга барып, физик кесибин аркалап калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
2002-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин физика-математика факультетин аяктаган соң, 2006-жылга дейре аталган окуу жайдын “Техникалык дисциплиналар” кафедрасында окутуучу болуп иштедим
2007-жылы Бишкек шаарына келип, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясындагы химия институтунда кенже илимий кызматкер, ошону менен катар борбор калаадагы айрым ЖОЖдордо окутуучу, кафедра башчысы кызматын аркалап 2014-жылга чейин иштедим. Фундаменталдык изилдөө багытындагы теориялык жана математикалык физика тармагын студент кезимден жактырчумун. Борбор калаага жумуш которуп келип калышымдын башкы максаты да ошол эле. Бирок, өкүнүчтүүсү бул багыттагы илимий мектептер мен борборго келген кезде ишмердүүлүгүн токтотконуна көп болуптур. СССР ыдыраган соң ошол кезде дүркүрөп иштеп турган көптөгөн илимий мектептер да кризиске кептелип, акыры ишмердүүлүгү токтоп калыптыр: айлыктын аздыгы, финансылык маселелер, кесипкөй адистердин көпчүлүгү сыртка чыгып кетсе, айрымдары пенсияда, кээсинин көзү өтүп кеткен ж.б.у.с.
Илим тармагы кризиске гана кептелбестен коррупциянын очогуна айланып кеткенине өз көзүм менен күбө болгон соң, бул жерде бир күн да турганга болбосун сездим. Ал кезде үйлөнүп, бир балалуу болгон кезим. Ошого дароо кетишке да болбоду. Экинчи балам эки жашка чыккан соң балдарды айылдагы кайненемдин колуна таштап, келинчегим экөөбүз Москвага жол тарттык. Бул жерден өзүм эңсеген илимий тармакты тапканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бир кезде орустун белгилүү илимпозу Ломоносов билим алганы алыскы Архангельский аймагындагы жакыр кыштакчадан Москвага чейин жөө келип, студент кездеги ачарчылык, оор турмушун кийин өзү эскерет эмеспи. Москвага келгенде мени да ошондой тагдыр тосуп алды, студент кезде үч жыл Москвада жүк түшүргүч, короо шыпыргыч болуп иштеп, кийин өзүм окуган окуу жайдын бир имаратында кечкисин пол жууп иштедим. Окуу жайга окутуучу болуп жаңыдан ишке орношкондо, пол жуугуч кызматымдан кеткенге арыз жазып, окутуучу кызмат ордуна сунушталган арызды көтөрүп барсам, кадрлар бөлүмүнүн башчысы мени тиктеп оозу ачылып калыптыр. “Сени окуу жайдагы пол жуугуч кызматынан окутуучу кызмат ордуна кандайча алып калышты?” деп менден таң калып сураганы эсимде.
Патрис Лумумба атындагы Орусия Элдер Достугу Университетинин (РУДН) базасында уюштурулган гравитация жана космология илимий изилдөө институтуна магистратуруга тапшырып, аталган институтту 2016-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган соң гана мага күндүзгү бөлүмдөгү үч жылдык аспирантурага тапшырууга уруксат беришти. Бактыга жараша аспирантурада бир жыл гана окудум. Илимий жетекчим эки жыл ичинде чыгарсаң болот деп кандидаттык ишиме үч маселе койду. Үчүнчү жылы алынган жыйынтыктардын негизинде диссертация жазылып, ошону менен кандидаттык ишимди коргоо планы түзүлдү. Жетекчим берген үч маселени чыгарууга мага болгону төрт ай гана жетиштүү болду. Алты ай аралыгында алынган жыйынтыктардын негизинде Европанын белгилүү илимий журналдарына төрт макалам жарык көрүп, ал аралыкта диссертациямды жазып, бир жыл ичинде кандидаттык диссертацияды жактап бүтүрдүм. Кандидаттык диссертациямды жактагандан бир жума өтүп-өтпөй өзүм окуган кафедрада окутуучу кызмат ордунда иштөө сунушу түштү. Мен иштеген Гравитация жана космология институту фундаменталдык изилдөөлөр боюнча дүйнөлүк рейтингде алдынкы орунда. Институтта кесипкөй окумуштуулар да жетиштүү санда. Ошого илимий изденүү ишмердигимдин келечегин ойлоп, Москвада биротоло калууга туура келди. Ал эми илимий изденүү ишин токтотуп салуу мен үчүн жашоону токтотуп салган менен барабар: ансыз мага жашоонун кызыгы жоголот. Француз математиги С.Д. Пуассон: “Жашоо эки нерсе менен кооз – математиканы үйрөнүү жана аны окутуу менен” – деп айткандай, менин жашоомдун өзөгүн теориялык жана математикалык физиканы өздөштүрүү жана аны студенттерге окутуу түзөт. Андан сырткары бош убактымда Дүйнө адабиятын казып, керектүү чыгармаларды которуу – бар байлыгым ушул.

-Адабиятка, котормочулукка кызыгуу качан башталды эле?

Мектепте 7-класска дейре кыргыз тили жана адабияты, сүрөт сабагына кызыгуум күч эле. Атам физика предметинен мугалим экенине карабастан үйдө адабий китептер жыйылып турчу. Ошондон улам болуш керек, 1-класска барып, тамга тааныган күндөн тарта үйдөгү адабий китептер менен “дос” болуп кеттим. Айылда мектепке жанаша эски имаратта айылдык китепкана боло турган. 1-класста китепканага жазылганы барасам, 3-класстан гана баштап жазылууга болорун айтып китеп бербей койду. 3-классты ушунчалык күткөнүм эсимде. Ага чейин үйдөгү чоңдор үчүн жазылган адабий китептерди, мисалы, “Узак жол”, “Келкел”, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын түшүнбөсөм деле окуй берчүмүн.
3-класска келгенимде мен үчүн жашоонун жаңы барагы ачылды десем болот. Китепканага жазылып, эл катары мен да китеп алганыма сүйүнүп, ошол күн жашоомдогу эң бактылуу күн катары кубанычым койнума батпай сүйүнгөнүм эсимде. Бир китепти эки күндө окуп бутурдум да, кайра китепканага барып, эки китеп алдым. Китепканадан ар бир окуучуга экиден ашык китеп алганга уруксат жок болчу. А мен эки китеп алам да, ал китептерди үч-төрт күндө окуй салып, дагы китеп алганы китепканага шашам. “Китепкананын эшигин сагалап келе берип, китепканачы эжей мени жаман көрүп калбадыбы?” деген ой келет. Ага болбой эле аягым китепканага тартып туруп алат. Китепкананын китеп жыттанган бөлмөсүндө көрүнгөн китепти аңтарып басып жүрмөй мага жагар эле. Жиндидей кыялым боло турган: китепти ачып барагын жыттай берчүмүн. Бала күндөн көнгөн ушул адатым азырга дейре бар. Азыр деле китептин ичин ачып жыттап жибергенимди өзүм аңдабай калам.
СССР мамлекети ыдырап кетишине бир жылдай алдын учур. Советтер Союзу кезинде чоңдордо, мектеп окуучуларында китепке кызыгуу күч эле. Сабактан кийин окуучулар кезекке туруп китеп алабыз. Кээде китепканачы эжей мага кайрылып: “Ии, Кубантай, китептен эмне түшүндүң? Кана, айтып берчи” – деп айламды кетирет. Он беш мүнөттөй китептин мазмуну тууралуу билишимче божурап берем. Кошумча түйшүккө салат деген ойдо китепканачы эжейди ичимден жек көрүп кетем. Азыр ойлосом, бул жагы мага пайда болуптур. Китепканачы эжейге айтып бергени ар бир китепти тырышуу менен окуп, китептин ички мазмунун окуп түшүнүү жөндөмү менде билинбестен күн санап өсүп олтурган тура. Көрсө, китепканачы эжей китепканада кечке олтуруп, эриккенде менден китептин мазмуну тууралуу айтып беришимди талап кылчу экен. Азыр ошол китепканачы эжейге ыракматымды айткым келет.
Бир жылдан соң Советтер Союзу ыдырап, алай-дүлөй заман башталып, китепканага келгендердин саны кан буугандай тып токтоду. Менден башка китепканага каттаган адам калбады. Ошого карабай китеп окуган адатымды калтырбай, үч жыл ичинде китепканадагы кыргызча китептерди бүт окуп чыктым. 90-жылдардагы каатчылыктан улам жумуш орундары кыскарып, айылдык китепкана да жабылып, бир топ мезгилге дейре сыртына чоң кулпу салынып жабык турду. Бир күнү сабактан танаписке чыксам, китепкананын эшиги ачык турат. Сүйүнүп кетип, кийинки сабакка катышпастан китепканага чуркап бардым. Ашыгып чуркап барган мен таптакыр башка нерсеге күбө болдум: китепкананын кире бериш бөлмөсү тыкан жыйналып, бир кезде китепканачы эжей олтурган үстөлдүн бетине арак, тамеки, ширеңке, майда-чүйдө күнүмдүк товалар сатыкка коюлуп, китепканачы эжейдин күйөөсү Сайпидин олтурат. Ал кезде оор заман эле. Эл колуна келген ишке баш уруп, айрымдары Оштон майда-чүйдө товарларды, арак, тамеки алып келип сатып оокат кылганы кадимки эле көрүнүш болчу. Көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан менин да балалыгым, студенттик, кийин окууну аяктап иштеп жүргөн жаштык мезгилим оор мезгилге туш келип, бүтүндөй жакырчылыкта өттү.
Мындан ары китепканадан китеп алып окуш үмүтүм биротоло үзүлгөн соң, кышкы каникулдун бир күнүндө кар лапылдап жаап, элдин баары үйдө камалып жатышкан маалда, менден бир класс ылдый окуган Алманбет досумду ээрчитип, каникул маалда ээнсиреп жаткан мектепке келдим да, мектеп китепканасынын терезесинин бир айнегин чыгарып, китепканага уурулукка кирип, ал жерден бир баштык толо адабий китептерди уурдап чыктым. Чыгып баратып терезенин айнегин кайра ордуна кадап койдум. Ошентип уурулугум билинбей калды. Ошол күндөн тарта менде китеп уурдамай адат калыптанды. Айылда бирөөнүн үйүнөн китеп турганын көрүп калсам, акырын байкатпай уурдап алчумун. Азырга дейре китеп уурумун.
7-классымда эмнегедир так илимдерге – физика жана математика предметтерине кызыгуум күчөдү. Байкап караган адамга математиканын ичинде бүтүндөй бир поэзиянын гармониялык ааламы жаткандыгын аңдадым. Математикадан эсеп чыгарбасам башым ооручу болду. Бул кызыгуунун арты менен 1997-жылы орто мектепти аяктаган соң, Ош МУнун физика-математика факультетине тапшырдым. Бирок адабиятка болгон ышкым өчкөн жок, адабий китептерди окуган адатым калбады, айрым кызыктуу аңгемелерди кыргызчага которуп, өзүмдө сактап койчумун. Кыргыз тилдүү адабий сайттар бир аздан жандана баштаган мезгилде, 2019-жылы “РухЭш” сайтына алгачкы котормомду кол жазмадан компьютерге терип жөнөттүм. Калган котормолорду да компьютерде терип, “РухЭш” сайтына жөнөтүп, ошол күндөн тарта менде котормочулук деген жаңы изденүү багыты башталды. Кийинчерээк котормо менен гана чектелбестен, өздүк чакан аңгемелерди жазып кыргыз тилдүү сайттардан, көбүнчө “РухЭш” сайтына бере баштадым. Бул жагынан алганда, “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирди мени адабият айдыңына алгач алып келген устатым катары баалайм. Демек мендеги адабиятка болгон кызыгуу орто жашка келгенде кокустан эле жаралып калган жок, адабий чыгармаларга, поэзияга болгон таасирленүү менде тээ бала кезден калыптанган экен.

Негизи эле, жапон адабиятына басым жасаганыңыз байкалат. Өзгөчөлүгү эмнеде?

Жапон адабиятына, каада-салт, маданиятына болгон кызыгуумдун күчөп кетишинин да өзүнчө кызык тарыхы бар. Мен 8-класска көчкөн жылы эң улуу агам Ош МУнун филология факультетин бүтүрүп, биздин айылдык мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеп калды. Ыраматылык агам да китеп дегенде жантыгынан жата калган адам эле. Бир күнү мектеп китепканасынан Жапония тууралуу орус тилинде жазылган китеп көтөрүп келди. Бош маалында ошол китептен башы көтөрүлбөйт. Китепке ушунчалык таасирленген окшойт, андан окуганын бизге кыргызча шашпай айтып түшүндүрүп бергенден тажабайт. Жапон элинин менталитет, каада-салтындагы өзгөчөлүгү, укмуштуудай жаратмандыгы тууралуу алгачкы маалыматты ошентип айылдык мектептин мугалими – бир тууган агамдан алдым. Кийин студент кезде ошол кызыгуунун арты менен Ошто жапондордун күрөш өнөрү дзю-до менен машыга баштадым. Сол колумдан жаракат алып, күрөштүн бул түрү менен машыга албашымды билген соң, спортто бир аз тыныгуу жарыялап, кийин Бишкек шаарына келгенде, жапондордун башка күрөш өнөрү – айкидо менен машыгып баштадым. Кыргызстандын айкидо федерациясында тынымсыз төрт жыл машыгып, 2014-жылы бул кармаш өнөрүнөн кара курга ээ болгон соң, Москвага окууга кеттим. Бул жакта спорттун жаны түрү “Воркаут” менен машыгып, бул багытта да көптөгөн ийгиликтерге жетиштим (“Воркаут” англис тилиндеги “Workout” сөзүнөн алынып, ачык асман алдында машыгуу дегенди билдирет). Анүстүнө жаш өйдөлөгөн сайын мурдагыдай жабык спорттук жайларда машыгууга анча көңүлүм чаппай, Москванын көчөлөрүн кыдырып, ар кайсы жерде курулган ачык асман алдындагы машыгуу аянтчаларында машыгуу азырга дейре өзүм кызыккан хобби бойдон калды.
Эми жапон адабиятына келели. Жапондордун салттык искусствосу өзүнө гана таандык нукуралыкта ийленип, философиялык жана эстетикалык принциптери батыштан айырмаланып турат. Жапон адабиятындагы жазма түрүндөгү чыгармалар VIII кылымда жарала баштаган. Тарыхый фактыларга таянсак, Жапонияга илим, билим жана маданият алгач Кытайдан көчүрүлүп келген. Аны менен бирге будда дини да Жапонияда салттык дин катары жайылганы калганы ошондон. Ошол доордогу Кытайдан алынып келинген иероглифтик жазуу өнөрүнүн жапон жазма адабиятынын өнүгүшүнө салымы зор. Бүгүнкү жапон иероглифтери ошол кездеги кытай иероглифтеринин түпнускада сакталган варианты болуп саналат. Ал эми Кытайда иероглифтерди нускалоо иштери тынымсыз жасалып олтуруп, азыркы кытай иероглифтеринин жаралышына алып келген, б.а. байыркы иероглифтерден кескин айырмаланат. Жапон адабиятындагы алгачкы прозалык чыгармалардын өзөгүн будда окуусундагы көз караштар түзүп, мифтик жанрдагы жана уламыш түрүндөгү окуяларды камтыган жапон адабиятынын жандануусу VIII кылымга туура келет.
Жапон искусствосунун эстетикалык принциптери Күн чыгыш өлкөсүнүн дүйнөгө болгон салттык көз карашын аныктаган үч негизги религия-философиялык доктринанын таасири астында калыптанган:
1) Синтоизми;
2) Конфуций окуусу;
3) Буддизм.
Табиятты Жараткан дүйнөсүнүн башаты катары эсептөө жапондордун улуттук синтоизм дининде калыптанып, бул динде көп Кудайлык ишеним өкүм сүрүп келет. Конфуций этика-философиялык окуусу да буддизм сыяктуу Күн чыгыш өлкөсүнө Кытайдан агылып кирген.
1868-жылы арал мамлекети – Жапонияда Мэйдзи доору башталганда, сырткы дүйнө менен алаканын күчөшү жапон искусство жана адабиятында да жаңыча көз караштар жанданып, батыш маданиятынына болгон кызыгуунун күчөшүнөн улам ошол доордон бери жапон жазуучуларынын батыш адабиятынын дөө-шаалары, анын ичинде классикалык орус адабиятынын өкүлдөрүнө таасирленгени талашсыз.
Жапон адабиятынын кыргыз адабиятынын тийгизген таасири да жок эмес. Белгилүү жапон жазуучусу Кобо Абэнин 1962-жылы “Кумдагы аял” романы жарыкка чыккан. Күн чыгыш өлкөсүнүн Ясунари Кавабата, Кобо Абэ сыяктуу белгилүү жазуучулардын жазган чыгармаларына терең таасирленген кыргыз жазуучусу Мурза Гапаров “Туздуу чөл” пьесасын жана “Аялдардын деңизи” аңгемесин дал ушул Кобо Абэнин “Кумдагы аял” романына таасирленип жазылганы байкалат. Ал эми “Кумдагы аял” романын жазуучу Гоголдун “Вий” аттуу мистикалык повестине таасирленип жаратканы жашыруун эмес, алтургай эки чыгармада тең сюжеттик жактан окшоштуктар бар.
Адабият менен искусство философиялык көз караштардын таасири астында өнүгөрү маалым. Ал эми философияда Батыш жана Чыгыш философиялык көз караштагы багыттар белгилүү. Дүйнөлүк адабиятта батыш менен чыгыштын менталитети, каада-салты жана тарыхый баскан жолу эки адабий багыттын өзөгүн түзөт. Бул жагынан алганда да Күн чыгыш өлкөсүнүн адабияты биздин улуттук адабият менен кыйла үндөштүк жактары бар. Чыгыш философиялык көз карашта адам менен табият бир бүтүндүктү түзөт: адам жана коом табияттын, ошону менен катар космостун бир бөлүгү деп эсептелет. Мындай көз караш жапон адабиятында да арбын. Ал эми кыргыз дүйнө таанымында адам менен табият өз ара тутумдашып гармонияда жашайт деген көз караш басымдуу. Мисал катары элдик “Кожожаш” кенже эпосун, “Карагул ботом” дастанын, Айтматовдун “Кыямат” романын караңыз. Бул чыгармалардын өзөгүн “Адам менен табият өз ара тутумдашкан биримдик. Адамдын табиятка болгон кыянатчылыгы табияттын адамдан өч алышына алып келет” деген кыргыз дүйнө таанымы туюнтуп турат. Кыргыз дүйнө таанымындагы бул көз караштын практикалык маанисин 2019-жылдын аягы дүйнө жүзүн каптаган таажы вирусу айныксыз далилдеди. Ар бир котормонун максаты анын тарбиялык жагын көздөйт. Коомду агартуу ишинде адабият динден да күчтүү курал. Чыгыштын бир эли катары жапон адабиятындагы каада-салт, менталитет жана психологиялык өзгөчөлүгү биздин менталитетке жакындыгы эске алып, жапон адабияты, аны менен кошо чыгыштын коңшулаш өзбек жана казак адабиятына үңүлүп киришимдин себеби ошондон улам пайда болду. Жакында бул чыгармалар жыйнагы аңгемелер жана котормолор топтомунан турган “Күн саамайы” аталыштагы чыгармалардын биринчи томдугун түзүп, өзүнчө китеп түрүндө жарыкка чыкты.

– Мекенге болгон кусалык тууралуу ой бөлүшсөңүз…

Албетте сыртта жүргөн адамда Мекенге болгон кусалык болбой койбойт. Мен сыяктуу башка өлкөгө жер которуп келип, ошол өлкөдө биротоло калып кеткен адамда Мекенге болгон кусалык андан бетер күч. Утурумдук мигрант катары иштеп жүргөн адамдга кандай күч кайрат берет? Анда эптеп чыдап иштеп турсам, бир күнү Мекенге биротоло кетем деген ишеним жашайт. Мына ушул ишеним анын чет жерде, бөтөн элде чүнчүп кетпей кайраттанып, белди бекем бууп иштөөсүнө шыктандырган жөлөк-таягы. Кыргызстанда жашаган кезде “Кыргызстан – жердеги чыныгы бейиш” дегенди уксам, буга анча ишенчү эмесмин. Мекендин кадырын чет жерде жашап билдим. 2019-жылы Мекенге экинчи ирет барганымда, Оштон Бишкекти көздөй авто-унаада келе жатып, Кыргызстандагы абанын тазалыгы, экологиялык проблеманын жоктугуна, жаратылыш кооздугуна чындап өз көзүм менен ишендим.

-Мекенден сырт жүргөн силердин көз алдыңарда, сырттан караганда бүгүнкү кыргыз коомчулугунун көрүнүшү?

Он жылдан бери сыртта жашагандыгыма байланыштуу кыргыз коомчулугунда болуп жаткан күнгөй-тескей маселелер тууралуу анча маалыматым жок. Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар тууралуу болгону социалдык тармактар аркылуу кабарым бар. Ал эми социалдык тармакта жарыяланган жанылыктарда канчалык деңгээлде чындык бар – бул да өзүнчө маселе. Байкашымча азыр Кыргызстанда улуттук ойгонуу процесси али жарала электей. Болуп жаткан митингдердин дээрлик баары “Элимдин келечеги, жеримдин бүтүндүгү жана тынчтыгы үчүн!” деген ураан астында өткөнү менен, бирок ал митингдердин артында ар кандай сырткы жана ички күчтөрдүн анабашылары туруп, өлкө жеке кызыкчылыгын көздөгөн ар кайсы топтун таландысында калгандай туюлат. Улуттук ойгонуу деген эмне? Качан өлкө жарандары өздүк жеке кызыкчылыктарынан баш тартып, ар кайсы жеке кызыкчылыктагы топторго фанат болуп ээрчибей, баары бир муштумга биригип, мамлекеттин арабасын бир тараптуу өргө тартып жөнөгөндө гана өлкөдө ар тараптуу өнүгүү жанданат. Мына азыр биз кеп кылып жаткан Жапонияны алалы. Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилип, өлкө экономикасы болуп көрбөгөндөй сазга баткан. Ал кезде Жапония экономикалык жактан азыркыдай кубаттуу эмес эле, экономикалык жактан ортосар гана мамлекет болгон. Анүстүнө АКШ бир эмес, эки шаарына атом бомбасын таштап, борбор калаасы – Токиону быт-чытын чыгарып абадан бомбалап салган. Жапониянын СССРдин Ыраакы чыгыш аймагын басып алуу планы ишке ашпай калып, ошол кездеги үлкөн держава СССР менен да мамилени чыңдап кетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, Кытай мамлекети жапон баскынчыларынан толугу менен арылган соң дипломатиялык мамилесин бир топ жылга токтотуп койгон. Ошентип Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аралда жайгашкан жапон өлкөсүнө сырткы экономикалык байланыш мейкиндиги толугу менен жабылган. Мына ошондо гана өлкөдө улуттук ойгонуу жаралып, мамлекет жеке кызыкчылыгын көздөгөн “дакансалардан” толуп арылып, эли бир муштумга бириккен. Сырткы дипломатиялык мамилелерди кылдаттык менен калыбына келтирип, өлкө экономикалык каатчылык сазынан таза эмгектин арты менен он беш жыл ичинде толугу менен суурулуп чыгып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарынан орун алган. “Токочтуу бала сүймөнчүк” демекчи, ошондон баштап башка өнүккөн өлкөлөр Жапония менен экономикалык-дипломатиялык мамилелерди чыңдоого ашыгып, Күн чыгыш өлкөсү менен дипломатиялык мамилени чыңдоо демилгесин өздөрү биринчи көтөрүп чыгышкан. Азырга дейре жапон өлкөсү менен жылуу экономиялык-дипломатиялык мамиледе калуу ар бир мамлекеттин эңсеген кыялы. Экинчи дүйнөлүк согуш болбосо, жапон өлкөсү мындай “экономикалык кереметти” мынчалык кыска убакытта жарата алмак эмес. Жапон адабиятындагы экинчи толкундун башталышы да ушул мезгилге туура келип, Ясунари Кавабата, Кобо Абэ, Юкио Мисима баштаган жаңыча көз караштагы жазуучулардын жаңы мууну пайда болгон.
Маекти даярдаган Махабат Саидрахманова

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай дипломаты Батыш тууралуу катуу айтты

Батыш өлкөлөрү Украинаны курал менен камсыздоону токтотуп, дипломатиянын өз ролун ойношуна жол бериши керектигин Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь билдирди. “Айрым өлкөлөр отко май куюп, эл аралык коомчулуктун дипломатиялык аракеттерине шек келтирүүнү тез арада токтотушу керек”,-деди ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Ал НАТОну бир тараптуу санкциялар жана жалаа жабуу […]

Сизге жагышы мүмкүн