Кубада электр энергиясы толугу менен өчтү

Автор

10 миллиондон ашык адам жарыксыз калды. Өлкөнүн электр системасындагы өзгөчө кырдаал Матансас шаарындагы Антонио Гутьерас атындагы Кубанын эң ири ЖЭБинин иштен чыгышынан улам болду. Бул тууралуу Кубанын Энергетика жана тоо-кен өнөр жай министрлиги маалымдады.
Адистер электр энергиясын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Бул үчүн канча убакыт талап кылынары азырынча белгисиз.
Окуу жайлар жабылды. Бийлик көңүл ачуучү жана маданий мекемелерди жабууну буйруду.
Өкмөт азырынча ишке мамлекеттик азык-түлүк өнөр жайынын жана саламаттыкты сактоо тармагынын негизги кызматкерлери гана чыга турганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Табылды Муканов: Сен мени сүйгөн чакта...

Сен мени сүйгөн чакта эң курч элем, тим эле Хан-Теңири, Эльбурс элем, дарыя элем эни кенен, деңиз элем, кен элем абдан сейрек… эл издеген сен мени сүйгөн чакта. Эмичи? Дүйнөң башка… Дөбөдөй басырылып, басырылып, жыбылжыган булакка, чөөткө айландым, турбастан сапырылып. Жүрөктү сарсанаага: “Ме!” – деп коюп, чачылдым ойго-тоого себеп болуп, […]

Сизге жагышы мүмкүн