КР кубогу: “Мурас Юнайтед” клубуна 30 миң доллар берилди

Автор

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев “Мурас Юнайтед” (Жалал-Абад шаары) футбол клубунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Букуев футбол клубунун өкүлдөрүнө 2024-жылкы КР кубогун жеңгендиги үчүн 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификатын тапшырды. Сертификатты клубдун президенти Айбек Алыбаев кабыл алды.
“Кыргыз футбол биримдигинин акчалай сыйлыкты кубоктун жеңүүчүсүнө бөлүп берүү чечими биз үчүн жагымдуу жаңылык болду. Бул демилге үчүн Кыргыз футбол биримдигине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Албетте бул футболдук клубдар үчүн кошумча мотивация болот”, — деп белгиледи Айбек Алыбаев.
Белгилей кетсек, быйыл КФБнын аткаруу комитети тарабынан футболдук мелдештерге атайын байге фонду бекитилген.
Премьер-лиганын жеңүүчүсүнө – чемпионго 50 миң доллар, КР кубогунун жеңүүчүсүнө 30 миң доллар, Суперкубоктун жеңүүчүсүнө 20 миң доллар ыйгарылат. Мындай чечим жогоруда аталган мелдештерге катышкан футбол клубдарына стимул берип, шыктандыруу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыйзамсыз менчиктештирилген "Нарын эт комбинатынын" жерлери мамлекетке кайтарылды

Мурдагы “Нарын эт комбинаты” ишканасынын 114 млн сомдон ашык 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көзөмөл орган тарабынан мурда жеке менчикке өтүп, өлкө мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен сатылып кеткен мамлекеттик кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда. Алсак, […]

Сизге жагышы мүмкүн