Кытайда өтчү Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама команданын курамы белгилүү болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, команданын курамына 7 спортчу кирди.
Алар:
– Нуржигит Дүйшөбаев-51 кг чейин;
– Мунарбек Сейитбек уулу-57 кг чейин;
– Асхат Култаев-63,5 кг чейин;
– Нурадин Рустамбек уулу-71 кг чейин;
– Өмүрбек Бекжигит уулу-80 кг чейин;
– Эркин Адылбек уулу-92 кг чейин;
– Ооматбек Элчоро уулу-92 кг жогору.
Машыктыруучулар:
– Данияр Төлөгөн уулу;
– Улан Сагынбаев;
– Аскат Абаев.
Белгиленгендей, Азия оюндары Париждеги Олимпиада оюндарына тандоо болуп саналат. Ар бир салмактык категория боюнча финалисттерге жолдомо берилет.