Россиянын Краснодар аймагы менен Крым жарым аралын катуу бороон каптады. Кесепетинен жүк ташуучу кеме сууга чөгүп, жарым миллионго жакын адам электр жарыгысыз калган.
Өткөн аптада Крымда Жер Ортолук деңизинин циклонунун жакындаганына байланыштуу дем алыш жана дүйшөмбүгө карата катуу шамал болоору эскертилген. Жарым аралда нөшөрлөгөн жамгыр жана бороондуу шамал болду. Калктуу конуштары электр жарыгысыз калып, бак-дарактар кулап, газ түтүктөрү жабыркаган. Селден улам айрым каттамдар жабылып, троллейбус каттамдары токтотулду.
Суу берүү, канализация жана борбордук жылуулук берүү токтотулган.