“Крокус Сити Холлдогу” каргашалуу окуяга байланыштуу камакка алынган чеченстандык Асхаб Успанов Москва полициясынын имаратында көз жумду. Анын катуу кыйноого алынып, өлтүрүлгөнүн 1 ADAT Телеграм-каналы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Асхаб Успановдун кабыргалары жана омурткасы сынып, денесинде муунтуудан калган тактар пайда болгон. Аталган телграмм каналы маркумдун сүрөттөрүн жарыялап, полиция аны өлтүрүп койгонун жазган.
Москва полициясы болсо, ал өзү суицид кылды деп айтууда.