Москвадагы Крокус Сити Холлдогу терактты жасагандар ар бир адамга эмес, баары 500 миң рублдан алыш керек болчу. Бул тууралуу «Известия» жазды.
Кармалгандардын банк картасына акчанын жарымы 250 миң рубль которулган. Буга чейин терактка шектелгендердин бири сурак маалында кылмышы үчүн жарым миллион рубль төлөп беребиз деп убадаланганын, бирок анын сөздөрү туура эмес чечмеленип, кылмышкерлердин ар бири бул сумманы алыш керектиги маалымдалган.