Кыргыз-Орус Славян университетинин окумуштуулар кеңешинин жыйынында университеттин биринчи проректору болуп Гүлнара-Клара Самат дайындалды. Бул тууралуу КРСУнун басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул ректордун жаңы орун басарын тааныштырып, Гүлнара-Клара Саматтын бай өмүр жолуна жана кесиптик тажрыйбасына токтолду.
Гүлнара-Клара Самат 2021-жылдын февраль айынан 2024-жылдын май айына чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп иштеген. Былтыр бул кызматтан бошотулган эле