Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Ирандын мыйзамдарын бузганы үчүн 99 камчы менен жазаланат. Буга чабуулчунун ирандык майып сүрөтчүнү кучактап өпкөн сүрөтү себепчи болгон.
Атактуу футболчу 19-сентябрда Роналду Азия чемпиондор лигасынын алкагында «Персеполис» менен конокто болгон оюндан кийин ирандык майып сүрөтчүнү кучактап өпкөн, муну менен өлкөнүн катаал мыйзамдарын бузган.
Ирандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, Роналдунун аракетин никесиз адам ойноштук кылган деп чечмелесе болот. Эми Роналду 99 жолу камчы менен сабалышы мүмкүн.
Эске салсак, 2022-жылы декабрда Криштиану Роналду Сауд Арабиянын “Аль-Наср” клубуна өткөн. Бул сезондо португалиялыктар бардык турнирлерде ойногон 11 матчта 11 гол киргизип, 6 пас берген. Сауд Аравия чемпионатынын тогуз турунан кийин “Аль-Наср” 19 упай менен үчүнчү орунга чыккан.