Криштиану Роналду 900 голго жеткен биринчи футболчу болуп калды

Автор

Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Улуттар Лигасынын тайпалык баскычында Хорватия менен болгон беттеште гол киргизип, карьерасында 900 гол чегинен ашкан дүйнөдөгү биринчи футболчу болду. Анын артында 62 гол менен аргентиналык футболчу Лионель Месси келатат.
5-сентябрда Португалия УЕФА Улуттар лигасынын тайпалык баскычындагы биринчи оюнунда Хорватияны утуп алды. Лиссабондо 1-дивизиондун А тобунун жолугушуусу өтүп, 2:1 эсеби менен аяктады. Роналдо 34-мүнөттө командасынын экинчи голун киргизди жана бул гол карьерасындагы 900 голу болуп калды.
Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясынын (IFFHS) маалыматы боюнча, Роналду футбол тарыхында жогорку деңгээлдеги матчтарда 900 гол киргизген биринчи оюнчу болуп калды. Анын артынан “Интер Майаминин” аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси 62 гол менен кууп келатат. Алдыңкы үчтүктү бразилиялык Пеле (762 гол) толуктады.

Белгилей кетсек, 39 жаштагы Роналду “Алтын топтун” беш жолку жеңүүчүсү, Чемпиондор Лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, Европа чемпиону жана Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү. Португалиялык улуттук курама команда деңгээлиндеги эң ийгиликтүү футболчу, еврокубоктарда ойногон матчтардын саны боюнча рекордсмен, Европа чемпионаттары менен Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир. Ал Англия Премьер-Лигасында, Испания Премьер-Лигасында жана Италиянын А Сериясында сезондун мыкты футболчусу жана бомбардири деп табылган. 2022-жылдын декабрь айында Сауд Арабиянын “Аль-Наср” клубу менен келишим түзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков каза болду

Сүрөтчү жана мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Ал 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Ал 1972-жылы Алматы сүрөт училищасын, ал эми 1982-жылы Москва полиграфиялык институтун бүтүргөн. Жайчыбеков “Мектеп”, ‘”Кыргызстан”, “Адабият”, “Шам” жана “Кут аалам” сыяктуу басмаканаларда иштеп, […]

Сизге жагышы мүмкүн