Криштиану Роналду футболдо эмне маанилүү экенин айтты

Автор

Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду чоң футболдогу карьерасы тууралуу үн катты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жар салды.
Атактуу футболчу «Мен азыр футбол талаасына чыгууну жакшы көрөм. Футболдо жылдарым аз калгандыгын билем. Мен үчүн дүйнөнүн эң мыктысы болуу же трофейлерди утуп алуу анчалык деле маанилүү эмес. Мен жөн гана ойноп, өзүмдүн командама пайда алып келгим келет», – деди.
Белгилей кетсек, Роналдунун “Аль-Наср” менен келишими келерки жылдын жай айына чейин созулат. Бул сезондо Роналду 7 матчка катышып, 6 гол жана 2 ассист берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Мурдагы премьер-министр НАТОнун башчысы кызматына расмий түрдө киришти

Нидерландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рютте НАТО уюмунун башчысы болуп расмий түрдө кызматка киришти. Альянстын кетип жаткан башчысы Йенс Столтенберг ага салтанаттуу түрдө балканы тапшырды. Рюттенин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү аземи Брюсселдеги альянстын башкы кеңсесинде Түндүк Атлантикалык Кеңештин атайын жыйынында өттү. 20-июнда Рюттенин альянстын эң жогорку кызмат ордуна талапкерлигин НАТОго мүчө […]

Сизге жагышы мүмкүн