Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду Сирия менен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Marca басылмасынын маалыматына караганда, атактуу жылдыз футболчунун жалпы жардамы 350 миң долларды түзөт.
“Манчестер Юнайтед” клубунун мурдагы оюнчусу зилзала кырсыгынан ушунчалык таасирленгендиктен, ал жабырлануучуларга жардам берүү үчүн тез жардам, ошондой эле Түркия менен Сириянын жабыркаган аймактарындагы гуманитардык жардам катарында медициналык буюмдар жүктөлгөн учакты жөнөткөн. Кайрымдуулук 350 000 долларга болжолдонууда», -деп кабарлашты.